МИФОЛОГИЯ-АДАМ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЧКЫЧЫ
Milli Kültür Araştırmaları Dergisi · 2022
DOI: 10.55774/mikad.1120032 ↗Kurz gefasst
Fachartikel in der Zeitschrift Milli Kültür Araştırmaları Dergisi, 2022. Verfasst von Meder SALİEV. Die Arbeit nennt 1 Literaturangaben.
Abstract (Originalsprache)
Бул макалада грек мифологиясынын негизинде жаралган Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” тууралуу сѳз болмокчу. Айтматов башка Кассандрага байланышкан чыгармалардан айырмаланып, келечектеги түйүлдүктүн тагдыры тууралуу ой бѳлүшѳт. Кыргыз адабиятында ушул турмуштагы мифтикалык ойлордун уландысын Казат Акматов дагы ѳзүнүн «Архат» романында чагылдырат. Чыңгыз Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романынын адам тагдырына мифтикалык ой-жүгүртүүнүн негизинде коомдогу расизм, дискриминация, экологиялык маселелер, гумандыктан чыгып, жырткыччылык абалга ѳтүү сыяктуу адам баласынын жашоосундагы маселелерге токтолот. Аны менен катар Ч.Айтматов бул дүйнѳгѳ келүү же келбѳѳ сыяктуу түйүлдүктүн тандоосун анын келечектеги тагдырын эмне күтүп тургандыгына байланыштырат. Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романы Кыргыз коомунда тагдырга кийлигише алуу, алдын ала тагдыр тандоо мүмкүнчүлүгү тууралуу жазылган чыгармалардын алгачкысы болуп эсептелет. Чыгарма коомчулукта түрдүү пикир жараткан, ѳзгѳчѳ адабият таануучулар арасында жаңычылыкты алып келген чыгарма катары бааланган. Бул романдын жаңылыгы кыргыз прозасында жаңы ѳңүттѳгү чыгармалардын жаралышына себеп болду, мисалы, Казат Акматовдун “Архат” романы да мистикалык окуяларга бай жана адамдын тагдырына байланышкан сюжеттер камтылган. Жыйынтыктап айтканда, макалада Чыңгыз Айтматов менен Казат Акматовдун чыгармаларындагы тагдыр маселесинин мистикалык кубулуштарын анализ кылуу менен адабий баалуугуна токтолобуз.
Zitieren
APA
SALİEV, M. (2022). МИФОЛОГИЯ-АДАМ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЧКЫЧЫ. Milli Kültür Araştırmaları Dergisi. https://doi.org/10.55774/mikad.1120032
Vancouver
SALİEV M. МИФОЛОГИЯ-АДАМ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЧКЫЧЫ. Milli Kültür Araştırmaları Dergisi. 2022. doi:10.55774/mikad.1120032
BibTeX
@article{SALEV2022,
author = {SALİEV, Meder},
title = {МИФОЛОГИЯ-АДАМ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЧКЫЧЫ},
journal = {Milli Kültür Araştırmaları Dergisi},
year = {2022},
doi = {10.55774/mikad.1120032}
}
EUVIMED